Депутат Акылбек Жапаров Жаңы башмыйзамды кабыл алуу жолун кыскартууга амал издөөдө

Парламентте ысымы көп талкууланып жаткан депутат Акылбек Жапаров эки кесиптеши менен биргеликте Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн Референдум дайындоо ишин жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап чыкты.

Депутаттар Бактыбек Турусбеков, Акылбек Жапаров жана Үмбеталы Кыдыралиевдин авторлугунда сунушталган бул мыйзам долбоору Референдум дайындоо, жаңы Башмыйзамды кабыл алуу процессин мүмкүн болушунча ылдамдатып, мыйзам талап кылган мөөнөттөрдү айланып өтүүнү көздөйт. Демилгечилердин сунушу боюнча, эгер Жогорку Кеңештеги бардык фракциялар, ошондой эле тийиштүү комитеттер колдогон чечим чыгарса, анда жалпы палата мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи, үчүнчү окууда же таптакыр эле бир окууда үч жолкусун тең кабыл ала алат.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 20-январда коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде «бул мыйзам долбоорлору Конституциянын жоболорунан келип чыккандыгын жана дээрлик өзгөрбөй турганын эске алганда коомдук талкуу жүргүзүү зарылдыгы жок» деп жазылат. Башкача айтканда парламент маанилүү чечимди коомчулук менен талкуулаштын кажети жок деп табууда.