Депутат: «Акылбек Жапаровду ушунчалык жаман көрчүмүн, азыр күчтүү адам экенине ынандым»

«Мен мурун Акылбек Жапаровду ушунчалык жаман көрчүмүн» деди Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жыйында.

«Кыргызстанда канча президент болсо, баардыгы менен иштешкен. Азыр кылып жаткан иштерин көрүп, ынандым. Экономист катары күчтүү адам экен. Жөн эле канча президент болсо чакырып, бирге иштешкен эмес экен. Бизде жаман пейил бар, министр болобу, төрага болобу, бир аз иштегенде эле кетире баштайбыз. 1-2 жылга жетпей кете берсе, кайсы премьер иштейт? Эгемендүүлүк алганыбызга канча жыл болду, канча адам иштеди? Ал да адам. Иштесин, убакыт берели. Мен кыйратты дебейм, Кудайга шүгүр. Улуттук банкта 45 тонна алтын турат. Анын баары жөндөн жөн болгон жок. Иштеп жаткан адамды сындасаң, анын иштегиси келбейт», — деди депутат.