Депутат: «Акылбек Жапаровдун кызыкчылыгы болгондо эле эртеден кечке Ак Үйдө жүрөт»

Акылбек Жапаровдун өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана Ак Үйгө келет. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы айтты.

«Таңкы саат 8ден кечкиге чейин Ак Үйдө жүрөт. Кечээ дагы Акылбек Жапаров баш болуп, Курманкул Зулушев төш болуп, төраганы шайлаардын алдында Ак Үйдө жүрүштү. А биз чакырганда келишпейт», — деди ал.