«Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров отставкага кетсин», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев.
«Парламент иштегенинен бери 5 ай өттү. Ай сайын ушул маселени көтөрүп турам. «Кумтөрдөн» Жети-Өгүз менен Тоң райондоруна бир нерсе бөлүп бергиле деп. Бирок өкмөт атаандашып, ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. «Кумтөрдүн» Нарынга эмне тиешеси бар? Мен суранам, ушул маселени күн тартибине киргизип, Акылбек Жапаров отставкага кетсин. Бул туура эмес. Мындай токтом кабыл алганы үчүн уяты болсо, өзү кетсин. Болбосо, президентке кайрылам», — деди депутат.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бөлүү болбошу керектигин айтты.