Депутат Акылбек Түмөнбаев: «Жээнбековдон экс-президент макамын алууну көтөрөм»

«Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алууну көтөрөм». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров буга чейинки бийликтер кетирген кемчиликтерден сабак алууга тийиш. Депутат мурдагы президентке мамлекеттин эсебинен коротулуп жаткан каражат саналып жатканын, экс-президент макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдала турганын билдирди.

“Анын өзүнө гана эмес, үй-бүлөсүнө, жакындарына мамлекеттик жеңилдик берилген. Мен бул маселени парламентте көтөрүп, мыйзам алып чыгып, президент Садыр Нургожоевичке да кайрылып, бул кишинин экс-президент деген макамын алдырганга аракет кылам”, — деди Түмөнбаев.