Депутат Алиев: «Кокулов этиканы сактабай жаткандыр, бирок түпкүрүндө туура болуп жатпайбы»

«Кокулов этиканы сактабай жаткандыр, бирок түпкүрүндө туура болуп жатпайбы». Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кечээ орун алган окуя боюнча кесиптешибиз Эрулан Кокуловдун министрликке барганы тууралуу пикиримди билдирип койгум келет. Каныбек Капашович күчтүү саясатчы, министрликке жаңы келди, аракет кылып жатат. Ага чейинки министр пара менен кармалды. Эмне үчүн Эрулан Кокулов ошолорду талап кылбашы керек? Анын үстүнө айрым министрлер комитеттерге келбей калды. Менимче, депутат 21-кылымдын агымына жараша мобилдүү болушу керек. Уялчаак эмес. Элдин талабын аткара турган. Балким, ал этиканы сактабай жаткандыр, бирок өзөгү жана түпкүрүү туура болуп жатпайбы», — деди депутат Алиев.