Депутат Алимжанова: «Бакиев Кыргызстанга келгени менен мыйзам чегинде жооп берет»

Өткөн аптада Дубайда өткөн экс-президенттердин жана учурдагы президенттин жолугушуусунун талкуусу ушул күнгө чейин токтой элек. Эл ичинде жаралып жаткан бир топ суроолор менен депутаттарга кайрылдык.

Депутат Нилуфар Алимжанова экс-президенттер ынтымакка чакыруу ниетинде жолугушушкан деп эсептейт. «Эң негизги максат — Кыргызстандын өнүгүүсү. Бакиев Кыргызстанга келгени менен мыйзам чегинде жооп берет. Мыйзам алдында бир бирдейбиз. Ал өлкөгө келер замат соттун чечими аткарылышы керек», — деди ал.