Депутат Алтынбеков ломбарддар тууралуу: «Сүткорлук менен алектенген бул тармакты жаап коюу туура болмок»

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Мыйзамдын долбоору менен 6-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоо сунуш кылынат: «Ломбарддын зайымынын майнаптуу пайыздык коюмунун жол берилген жылдык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмакта алынган номиналдык пайыздык коюмдун негизинде эсептелип чыгарылат, ага 30 пайыз кошулат».

Бирок ломбарддар иш жүзүндө зайымдарды кыйла кыска мөөнөткө 1-2 жумага, орточо эсепте күнүнө 0,3% менен (0,1 ден тартып 0,7%га чейинки чектерде күнүнө) берет. Муну жылына эсептегенде жылдык 108%ды түзөт. Ошондуктан мыйзамдарга киргизүүгө сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр зайымдын наркын жылдык 108 %дан 47,23 %га чейин же 2 эсеге төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Талкуу учурунда депутат Нуржигит Кадырбеков ломбардан жабыркаган жарандардын маселесин көтөрүп, алардын пайыздык чендерин жана туумдарын чектөө талабын айтты.

Депутат Айбек Алтынбеков ломбарддардын экономикага пайдасын сурап, алардын мамлекетке болгон төгүмдөрүн тактады. “Ломбард иштеткендер банктардан 33%дан насыя алып, 250%дан жогору чек менен жарандарга таратышат. Анын негизинде булардын ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан жарандардын саны арбын болууда. Мамлекетке анчейин пайдасы жок, сүткорлук менен алектенген бул тармакты жаап коюу туура болмок”, — деди Айбек Алтынбеков. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Шайлообек Атазов ломбарддардын ишмердүүлүгүн чектөө маселесин көтөрдү. Депутат Гүлшаркан Култаева ломбард ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдө аларга жогорку талап коюу маселесин белгилеп, маалыматтарды жеткиликтүү берүүнү айтты.