Депутат: «Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште кечирим сурасын. Байкап сүйлөш керек»

Депутат Марат Мураталиев да Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурашы керектигин айтты. Анын айтымында, эки журналисттин жанына отуруп, кечирим сурап койгону болбойт.

«Ушул жерде жанагы кишини угуп (ред. министр Алымкадыр Бейшеналиев), сөзүнө кандай жооп берерин көрөлү. Телевидениеден чыгып, эки журналист менен айтып койду «мен таластыктардан кечирим сурайм» деп. Андай кечиримди күтүп жаткан жок. Бүт Кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Байкап сүйлөш керек да. Мобул жерге келип, чоң, улук трибунадан кечирим сурасын. Эл күтүп жатат», — деди ал.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учуруда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган.