Депутат: «Алымкадыр Бейшеналиевди министрликтин эрке баласындай элестетем»

«Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди министрликтин эрке баласындай элестетем. Бирок кылган иши бар». Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Духу жетпеген башка министрлерге караганда, бир топ сындырып коюп жатат. Ошол эле учурда аша чаап, ашыкча сүйлөп койгону жок болгондо, ишти жакшы эле алып барат деп ойлойм. Орун басарларынын арызданып чыгып жатканына реакция болушу керек. Мындай болбошу керек. Комиссия түзүлүп, иш алып барышы керек», — деди ал.