Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жыйынга чогулду. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди. Депутат Сайдулла Нышанов министрдин буга чейинки иш-аракеттерин сынга алып, же анын же парламенттин кетиши керек экендигин билдирди.
«Мен сизди 15-жылдан бери билем, жакшы хирургсуз, бирок министр катары болбой калды. Эми сиз азыр президенттин артына туруп алып, күчкө салып атасыз да. Парламентти да тоготпойсуз, келбейсиз. Жогорку Кеңеш чечим чыгарды. Керек болсо, парламентти кетирем дейсиз. Бирок бул убактылуу да. Мен ушул жерде үч чакырылыштын депутаты болуп, сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм, аягы жакшы бүткөн жок. Биринчи элди сыйлап койсоңуз болот. Парламент арасында жакшылары да бар. Ошолорду сыйлап койсоңуз. Уу-коргошун дейсиз, өзүңүз окумуштуу адамсыз. Дүйнө күлүп жатат. Сиз өзүңүздү эле уят кылбай, бүт элди уят кылдыңыз. Же парламент же сиз кетишиңиз керек», — деди ал.