Депутат: «Ардагерлер аз калды. Жеңиш күнү аларга 1 миллион сомдон берели»

«Ардагерлер аз калды. Жеңиш күнү аларга 1 миллион сомдон берели». Бул тууралуу депутат Равшан Сабиров бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Эки айдан кийин Жеңиш күнүн белгилейбиз. Ардагерлердин саны өлкөдө аз калды. Эң көп калктуу Кара-Суу районунда 20га чукул ардагер калган. Быйыл ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине сый-урмат көрсөтүү иретинде жок дегенде, 1 миллион сомдон бериш керек», — деди депутат.