Депутат: «Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер жок экен»

Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер жок экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

«Жакында эле Баткенге премьер-министр, биринчи вице-премьер барды. Бирок бир чоң маселе турат — Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер жок экен. Бир медайымды коюп койгон дейт. 80 чакырымга төрөткөнү алып барышат экен. Ушул нерсени чечиш үчүн мыйзам керекпи? Саламаттыкты сактоо министри деле барып жатат. Бир дарыгер жөнөтүп койсо болбойбу?» — деди ал.