Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандын атын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-декабрда парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин аталышы «Кыргызстан» же «Кыргыз Республикасы», бирок алардын биринде да кыргызча сөз жок: «стан» фарс тилинде, «республика» грек сөзү. «Муну өзгөртүү керек» деди ал.
Жогорку Кеңештин спикерлигине талапкер Талант Мамытов Малиев глобалдык маселелерди көтөрүп жатканын айтты. Ал эми экинчи талапкер: “Биз адегенде элди тойгузганча тойгузушубуз керек, анан сиздердин суроолоруңузга кайрылсак болот”, — деди.
Келесоо десе,эми ушул эле калды эле асылбаган.Кыргызстан же Кыргыз республикасы дегендин эминесин жээрип жатат бул чала кыргыз?Жумурткадан кыр издебей көйгөйлүү болуп жаткан маселелерди ойлобойбу.Андан көрө ушуга окшогон чала сабат,чала кыргыздарды жаш кадрларга алмаштырсак өлкөбүз кичине болсо да алдыга жылат эле.Эми булар төрт жылды өлкөнүн,облустун,райондун,айылдын анан калса калса өздөрүнүн аталыштарын өзгөртүш менен өткөрүп жиберишпесе эле.