Депутат Ашимова: «Кадамжайдагы кыздын өлтүрүлгөнүн укканда стресске кабылдым»»

Кадамжайда окуучу кыздын кордолуп, өлтүрүлүшү коомчулукту дагы бир ирет селт эттирди. Мындан улам депутаттарга «Бул сыяктуу резонанстуу окуялардын кайталанбашы үчүн дагы эмне кылуу керек? Эмне жетишсиз болуп жатат? Мындай окуялардан кийин жакындарыңыз үчүн чочулайсызбы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Динара Ашимова бул окуядан кийин жакындарына болгон кооптонуу жаралганын айтты. «Биз энебиз да, жүрөгүң үшүп кетет. Угуп аябай кыйналып, стресске кабылдым. Бул иште ИИМдин кызматкерлеринин күнөөсү көбүрөөк. Себеби ал үчөө жөн эле жүрүп андай кылбайт болчу. Буларды мурда эле милиция билиши керек болчу. Чакырып профилактика кылышы керек эле», — деди ал.