Депутат аскер кызматкерлерине ипотекалык насыя берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрдү

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында, укук колдонуу практикасын эске алуу менен аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүн тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскерди кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталууда.

Талкуу маалында Элвира Сурабалдиева аскердик окуу жайларда стипендияларды төлөө жогорулагандыгын жана тамак аш маселесин тактады. Буга коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов аскер институтунун курсанттарынын маянасы окуганына жараша көтөрүлгөнүн жана тамак аш тартыштыгы жоктугун билдирди. Депутат Максатбек Сарбагышев аскер кызматкерлерине ипотекалык насыяларды берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында сунушталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.