Депутат Атажанов: «Арча-Бешиктеги» көп кабаттуу үйлөргө таза сууга мыйзамсыз уруксат берилген»

«Арча-Бешик» жаңы конушундагы көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз таза суу берүүгө уруксат берилген». Бул тууралуу бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов билдирди.

«Эмне үчүн уруксат берип салгансыздар? Эртең үйлөрдүн курулушу бүтсө, бир тамчы да суу жетпей калат. Уруксат бербеш керек, ал коррупциялык схема менен берилип кеткен», — деди депутат.