«Баткенде үйлөр эмне бүтпөй жатат? Пайдубалына барып өзүңөр жашагыла». Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде депутат Шайлообек Атазов билдирди.
«Баткенде согуш болгонуна 2 ай болду. Калыбына келтирүү иштери аткарылбай жатат. Ушуга жооптуу болгон Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баткенге барып, чатыр тигип жатса болбойбу? Эмне үчүн үйлөр бүтпөй жатат?» — деп сурады депутат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү 55 үйдүн пайдубалы куюлуп жатканын, 170 үйдүн пайдубалы бүткөнүн, 161 үйдүн дубалы тургузулуп жатканын айтты.
«170 үйдүн пайдубалы бүткөн бойдон турат дегендик бул — уят. Анда ошол пайдубалга барып, өзүңүз жашаңыз. Ачык эле айтыңыз, Финансы министри акча бөлбөй жатабы?», — деп сурады депутат.
Андан ары Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарын Баткенге барып, бир ай жатышын сунуштады. «Бул жакта ал тойлордо эле тост сүйлөп, «кылым кыйшайбайт» деп коюп эле жүрөт. Уят да», — деди ал.