Депутат Атазов элдик дарыгерлердин тизмесин аныктоону табыштады

Кечээ, 6-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Жалолидин Нурбаев, Фарходбек Алимжанов “Элдик дарыгерлик” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда негизинен “Элдик медицина жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланып, ага Саламаттыкты сактоо министрлигинен да өкүлдөр чакырылган.

Депутат Шайлообек Атазов элдин тандоосуна чек коюп, элдик медицинаны чанууга болбой турганын, ошол эле учурда мыйзам менен бекемделген норма керектигин белгилеп өттү. Жалолидин Нурбаев болсо элдин дарылануу эркиндиги тууралуу сөз кылып, бул мыйзам долбоорун кылдат карап чыгууга чакырды.

“Элдик дарыгерлик” коомдук бирикмесинин мүчөсү Нурмуханбет Кенджиев элдик дарыгерчилик менен алектенген жарандарга болгону мыйзам керектигин айтып, бул багытта парламенттен көмөк көрсөтүүнү суранды. Коомдук кыймылдын дагы бир мүчөсү кылымдар бою келе жаткан элдик табыпчылыкты сактап калуу жана аларга уруксат берүү жараяндарын жеңилдетүү сындуу сунуштарын айтты.

Талкуунун жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Гүласыл Сутуева элдик медицинага толук каршылык жоктугун айтып, болгону алар мыйзамдык алкакта иш алып баруусу керектигин кошумчалады. Учурдагы мыйзамдарда элдик дарыгерлердин лицензия алып, ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген. Лицензия алууда дарыгердин жогорку билим деңгээли жана бейтаптарды дарылоо шарттарына көңүл бурулат.

Талкуунун жыйынтыгында Шайлообек Атазов Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берип, министрликтин алдында кеңешме топ түзүүнү, элдик медицинанын катарына кирүүчү элдик дарыгерлердин тизмесин аныктоону табыштады. Элдик медицинанын өкүлдөрүнөн жана эксперттерден турган Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлүүчү топ “Элдик медицина жөнүндөгү” мыйзам долбоорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүшү керек.