Депутат Атазов: «Жапаров коррупционерлердин атын атап, Ташиев камап үлгүрбөй жатат»

«Жапаров коррупционерлердин атын атап, Ташиев камап үлгүрбөй жатат». Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде депутат Шайлообек Атазов билдирди. Жыйында «Корупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору каралды.

«Кыргызстанда коррупция гүлдөбөй эмне болуп жатат? Бишкек мэринин 127 үйү бар экен. Анча-мынча тойдо экс-мэрлерди, экс-премьерди көрүп калып жатабыз. Кыргызстанда 4 миң коррупционер бар, ошолор жеп жатат. Мыйзам долбоору чийки, кайтарыш керек. Бүгүн президент Садыр Жапаров коррупционерлердин атын атап, Камчыбек Ташиев камап үлгүрбөй жатат. Кечээги коррупционерлер бүгүн кайсы жерде иштеп жатат, көрүп жатасыздарбы?» — деди депутат.