Депутат Атазов: «Уу коргошун ичпегендер ковидден шорпо же бээнин сүтүн ичип дарыланып жатышат»

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 25 миллион доллар бөлөт. Анын ичинен 12 миллион доллар насыя түрүндө берилет. Макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралууда.

Депутат Шайлообек Атазов «Ушуну алып киргенден уялбайсыңарбы. Ковид бүттү. 3 жыл болду» деди ал.

«Буга чейин ковидге каршы вакцина алууга 300 миллион доллар грант менен бөлүнгөн. Бул акча кайда кетти? Аларды да жеп тоюшкан жок. Кийинкилерин да. Эми муну эмне алып келди дейм да. Ковид бүттү го дейм, азыр баары шорпо ичип эле дарыланып жатпайбы. Эмне үчүн ушинтип элди, мамлекетти алдайсыңар? Муну колдобош керек. Азыр элдин баары бээнин сүтүн ичип дарыланып жатат. Уу коргошун ичпегендер. 12 миллион деп жатасыздар. Уят», — деди ал.