Депутат азык-түлүктүн кымбатташы коомдук чыңалууга алып келерин айтып, коңгуроо какты

Өлкөдө азык-түлүктүн кымбаттап жатышы тууралуу тынчсыздануулар Жогорку Кеңеште да айтылып баштады. Кечээ депутат Дастан Бекешев парламент референдум боюнча мыйзам долбоорун карап жаткан учурда, эл тамакка акча таппай жатканда, эл өкүлдөрү жаңы Конституцияны талкуулап отурганына нааразы болгон.

Бүгүнкү жыйында дагы бир депутат Өмүрбек Бакиров тамак-аштын кымбаттоосу коомдук чыңалууну жаратышы мүмкүн экенин айтып, коңгуроо какты.

«Чоң үмүт менен колдоп берген өкмөт мүчөлөрү иштебей жатат. Премьер-министр эмне кылып жатат? Азык-түлүк коопсуздугу өтө коркунучтуу абалда. Азык-түлүктүн бардык түрү, күйүүчү май кымбаттап, коомчулукту чыңалууга алып келип турат. Өкмөт бул боюнча бир механизм иштеп чыгышы керек. Айыл чарба министрлигинин алдында Азык-түлүк коопсуздугу боюнча департамент бар. Анын аты эле болбосо, эч кандай иш кылган жок. Баанын күндөн-күнгө көтөрүлүшү эртең чоң чыңалууга, элдин нааразылыгына алып келет», — деди Өмүрбек Бакиров.