Депутат: «Азыркы кадрлар базардан келип жатат»

«Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга президенттин командасы тууралуу суроо менен кайрылууну чечтик. Буга президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун соцтармакта негизсиз караланып жатат деп айтканы түрткү болду.

«Илгери кадрлардын баары колхоз, совхоздо бригадир болуп жүргөндөрдөн чыкчу. Бүгүн кадрлар каяктан чыгат? Базардан башка эч нерсебиз жок да. Азыр кадр даярдачу жерлерибиз жок. Сапаты жок министрлер ушундан жаралып жатат», — деди депутат Акбөкөн Таштанбеков.