Депутат: «Байсалов «кылыбыз кыйшайбайт» дейт. Эмне болгон кыл экен?»

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттарды мыскылдоого укугу жок экенин эскертти.

«Эмне үчүн ал депутаттарды мыскылдап сүйлөйт. Кыйын болсо, депутат болуп келбейт беле. Бир да жолу депутат болгон эмес. Эгер талапкерлигин койсо, 100 добуш алмак. Эч ким аны сыйлабайт, урматтабайт. Анан чыгып алып эле, «кылыбыз кыйшайбайт» дейт, эмне болгон кыл экен? Ошону бир чакырып, тарбия иштерин жүргүзөлү. Телевизорго чыгып алып эле, акылыбыз көп, Министрлер кабинетин Акылбек Жапаров башкарат дейт. Билебиз Акылбек Жапаровдун кандай акылы бар экенин. Байсаловдун деңгээли — аны циркке коюш керек. Директор кылып, циркти да тарта албайт. Циркке ассистент кылыш керек», — деди ал.

Эдил Байсалов буга чейин “Азаттыктын” берүүсүндө “Биз 45-55 депутат менен иштейбиз, ошолор биздин мыйзамдарыбызды кабыл алат, калганыңыздарга айтып коёлу – ошол жерде жер тепкилесеңер дагы биздин кылыбыз кыйшайбайт!” деген. Анын бул сөзү кызуу талкуу жараткан.