Депутат Бакасов: «1,5 пайыздан алып, 8 пайыздан бересиңерби? Элге 4 пайыздан бергиле»

«1,5 пайыздан алып, 8 пайыздан бересиңерби? Элге 4 пайыздан бергиле». Бул тууралуу депутат Улан Бакасов бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында билдирди.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов Сауд өнүктүрүү фонду 1,5 пайыз менен насыя берип жатканын, ал эми «МИК» ААКтын үстөк пайызы 4 пайыздан 8 пайызга чейин экенин белгилеп, турак-жай программасынын катышуучуларынын үстөк пайызын төмөндөтүү маселесин кароону сунуштады.

Жыйында «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов тааныштырды. Ал белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 миллион сауд риалы (100 миллион доллар) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5 пайыздык кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргыз жарандарына жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.