Депутат Бакиров: «Азырынча ишкерлердин 50-55 миңдейи гана ККМ аппараттуу болушкан»

“Салык кодексине бир топ өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Аны кечээ, 13-марттагы жыйында Бюджет боюнча комитет карады”. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Бакиров ”Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыркка жакын депутат жолдогон 100дөн ашык сунуштар келип түшсө да, анын үчтөн бири гана эске алынган.

«Жыйынтык чыгарууга эрте. Ошол сунуштарды талдап, таразалап көрүп, добуштардын жыйынтыгы менен сунуштар кодексти демилгелеп жаткан Министрлер кабинетине жөнөтүлдү. Ошолордун ичинен коомчулукта айрыкча кеңири талкууну жараткан ККМ аппараттарын колдонуунун тартиптери тууралуу токтолгум келет.

Аталган кассалык аппараттар көбүн эсе эсеп-кысап, соода иштеринде колдонулуп жаткандыктан, аны ишкерлер борбордо болобу, же региондордо иш алып барабы бирдей пайдаланышы шарт. Бирок аны менен азырынча Бишкек жана Ош шаарларындагылар камсыздалып калса, алыстагы райондорго бул толук жете элек. Негизи алар дагы бул таризде иш алып баруусу керек болгондуктан, салык саясатындагы тең салмактуулук зарыл. Жалпысынан аталган аппаратты колдонуучу ишкерлердин эсеби өлкө бюнча 150 миңге чамалуу болсо, алардын азырынча 50-55 миңди гана аппараттуу болушкан. Ал эми жалпы ишкерлердин эсеби республика боюнча 500 миңдей болот», — деди депутат.