Депутат Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаевге жолукпаганын айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаевге жолукпаганын айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге УКМК тараткан маалымат боюнча комментарий берип жатып билдирди.

«Ошол күнү жардамчым менен эс алуу борборуна кымыз алганы барганбыз. Ал жерден коттедждерди көрдүк. Камчы Көлбаев менен жолукту деген калп. Ага жолуккан эмесмин. Аны менен мамилем да, тааныштыгым да жок. Далилдери бар болсо, фото же видео болобу, чыгарышсын. Бул куру доомат», — деди ал.