Депутат Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы. Икрамов жооптууну кызматтан алууга сунуш берди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жыйында депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы тууралуу өз оюн айтып, иш башкаруучунун орун басарын кызматтан алуу керектигин айтты.

«Иш башкаруучунун орун басарынын депутатка болгон мамилесин көрдүңөр. Айтып кетүү зарыл болуп турат. Депутаттын статусу 24-беренеде так жазылып турат. Биз мыйзам чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат бердиби күтүп турушу керек эле. Жок, депутаттын буюмдарын эшикке чыгарып койду. Бул жерде биз өзүбүздү сыйлабастык кылып жатабыз.

Нуржигит Кадырбеков айткандай, токсонубузду алдыга коюп, кууп кетип жатат да. Мындай болбойт. Мен Усенованы жумуш ордунан алуу боюнча сунушумду берем. Ушул маселени карайлы.

Депутатты сүйлөтпөй коюу кыргыз элин сүйлөтпөй коюу болуп саналат. Кыргыз элим бар болсун, оозу-мурду жок болсун дегенге бара жатабызбы? Мыйзам менен иш алып баралы», — деди ал.