Депутат балдар үйүнүн тарбиялануучулары билбей туруп, «баңгизат ташуучу» болуп жатканын айтты

Баңгизат сатуучулар балдар үйүнүн тарбиялануучуларын алдоо жолу менен баңгизатын жеткиртишет. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Макешов парламент жыйынында билдирди.

«Байэль Абдыраев 18 жаштагы жетим бала. Ал «баңгизат ташыды» деп азыр СИЗО-1де отурат. Көрсө, жетим балдар тарбияланган үйлөргө баңгизат саткандар барып, аларга өтүк, кийим сатып берип, «мага жардам берчи, муну жеткирип берчи» деп аларды пайдаланып жатышат. Бул төртүнчү учур. Булар 9-10 жылга камалып кетип жатат. Ушуну карап койгулачы», — деди ал.