Депутат: «Банктарда доллар жок. Европадан которулган акчаны жакындары доллар менен ала албай жатышат»

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев банктарга доллар чыгаруу маселеси боюнча Улуттук банктын жетекчисин чакырууну сунуштады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө банктар долларды 78-79 сомдун курсу менен берип жатат. «Банктарда доллар жок. Европада иштеген жарандарыбыз бул жакка жакындарына доллар жөнөтүшөт. Ал эми алардын жакындары доллар менен которулган акчаны ала алышпайт, же арзан баада алышат», — деди ал.