Депутат башкы прокурордон Фарид Ниязов боюнча гумандуу чечим кабыл алууну өтүндү

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев президенттин мурунку аппарат башчысы Фарид Ниязовдун маселесин карап чыгууну Курманкул Зулушевден өтүндү.

«Сиз бул кызматка 2020-жылдын аягында келип калдыңыз. Алгачкы жумушуңузду жылдап каралбай жүргөн, саясий буйрук менен камалгандарды актоодон баштадыңыз. Саясий негизде камалгандарга болгон мамилеңиз мактоого аларлык. Бул баарыбызга үмүт берет. 9-октябрдагы башаламандыктар боюнча саясий ишмерлерден жалгыз Фарид Ниязов камакта жатат. Жашы 70ке таяп калды, ден соолугу да жакшы эмес болуп атат. Ушуну карап, гумандуу чечим кабыл аласыз деп ойлойм», — деди депутат.

Бүгүн депутаттар прокуратура органдарынын 2020-жылкы ишмердүүлүгү тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угуп, аны канааттандырарлык деп табышты.