Депутат Маматалиев: «Баткенде Айгүл гүлү азайып, тоонун чокусунда гана өсүп жатыптыр»

Баткенде сейрек кездешкен Айгүл гүлүбүз акыркы жылдары жок болуп бара жатыптыр. Бул тууралуу жыйында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Мурда тоонун бардык жеринде өссө, азыр тоонун үстүндө гана өсүп атыптыр. Баткенден бери бизге чалып, жок болуп бара жатканын айтып жатышат», — деди ал.

Депутат ошондой эле доллар маселесин көтөрдү. Анын айтымында, доллар кымбаттаса, азык-түлүк кымбаттайт, бирок доллар түшсө баалар арзандабайт.