Депутат: «Баткенде чек арадагы окуяларды согуш деп атоого болобу?»

«Баткендеги чек арадагы окуялар бул согуш мезгилине киреби же статусу конфликт деп калабы?» деп жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева сурады.

ӨКМдин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов «Баткендеги окуя кризистик кырдаалдагы окуя болуп саналат» деп жооп берди.

«Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал деп турат. Өзгөчө абалдын статусу жогорубу? Айырмасын айтып койгулачы», — деди депутат.

«Бул жерде так берилген. Адам курмандыктарына, саламаттыгына же айлана-чөйрөгө олуттуу чыгымдарды жана адамдардын жашоо-шартынын бузулушуна алып келген коркунуч — бул өзгөчө кырдаал», — деди министрдин орун басары.

«Баткендеги окуяда согуш деген сөздү колдоно албайт экенбиз да ээ», — деди депутат.

Министрдин орун басары терминге ылайык болбой каларын билдирди.