Социалдык тармактарда, эл арасында Баткенде курман болгон баатырларыбызга таазим этип, өлкөбүздүн бир топ айылдарына, көчөлөрүнө алардын аттарын берүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев билдирди.
«Бул эң туура. Биздин аскерлерибизге дем-күч болот. Айрыкча Эламан Ураимовдун эрдиги. Бул жигитке сөзсүз түрдө «Эл баатыры» деген наам бериш керек. Илгерки Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоковдун эрдигин ушулар кайталап жатат. Керек болсо, парламент чечим чыгарып берели», — деди ал.
Соцтармакта куралдуу кол салууда Тажикстандын аскер кызматкерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырып жиберди деп жатышкан Эламан Ураимов 29 жашта болгон. Анын артында 1 уул, 1 кызы калды.










