Депутат: «Базар-Коргондо болдум. Ал жакта эртеден кечке жарык өчүрүлөт экен»

Жер-жерлерде жарыкты өчүрүү болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов комитет жыйынында билдирди.

«Мен Базар-Коргонго барып келдим. Таңдан баштап кечке чейин жарык болбойт экен. Телефон иштебейт. Эгер ошондой акыбал начар болсо, айтыш керек. Өчүрүүнүн себеби болсо, айтыш керек», — деди ал.

Бүгүн, 27-сентябрда комитет жыйында «Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы Камбар-Ата 2-ГЭСинин экинчи гидроагретын ишке киргизүү долбоорун каржылоо үчүн» Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун инвестициялык кредит берүү жөнүндө 2017-жылдагы №5 макулдашууга кошумча №2 макулдашуунун долбоору каралмак. Баяндамачы энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев болчу. Бирок ал жыйынга өзү келбегендиктен маселе күн тартибинен алып салынды.