Депутат Бекешев: «Азыр бакиевчилдерди актоого аракет кылып жатышат»

Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо жана Эльвира Сурабалдиева Апрель элдик революциясынын баатырларынын элесин эскеришти. Бул тууралуу алар соцтармактагы баракчасына бөлүштү.

«12 жыл мурда биздин баатырлар авторитаризм жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатышкан. Азыр бакиевчилдерди актоого аракет кылып жатышат. Бирок бул алардын колунан келбейт», — деп жазды Бекешев.

Акаевдин айтымында, Апрель окуясы жана каармандары эч качан унутулбайт. «Ыңкылапта курман болгондордун баары заман өзгөрөт, адилеттүүлүк орнойт деген изги тилек менен оттон да, октон да кайра тартышкан эмес. Үй-бүлөлүк, кландык режимдин огу ушундай ак жүрөк, ак ниет жарандарыбыздын өмүрүн жалмады, артында балдары, жубайы, ата-энеси боздоп калды. Максими бир тизгинди колго алган, Жанышы күч блогунан тарта криминалды кошо башкарып, Садыркуловдорду тирүүлөй өрттөтүп, бир нече депутат, журналисттер өлтүрүлгөн. Диктатордук режим бул азаматтарыбыздын эрдиги болбогондо кың деп үн чыгаргандын баарын жок кылмак, ишкерлердин көбү криминалга отчет берип, тапканы менен бөлүшүп калган заман уланмак. Жанын садага чапкан азаматтарыбыздын мүдөөсү канчалык аткарылды, өзүнчө маселе. Сабак алышыбыз керек, эл менен дайыма эсептешиш керек», — деп жазды эл өкүлү.