Депутат Бекешев: «Бишкектеги райондордун аттарын өзгөртсө болот, бирок башка маселелерди чечпейлиби»

Бишкектеги райондордун аттарын өзгөртсө болот, бирок башка маселелерди чечпейлиби. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда депутат Дастан Бекешев СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Шаарда таштанды толуп кетти. Бул өтө жаман көрүнүш. Ошол маселелерди чечсек, анан өзгөртсө болот. Мен каршы эмесмин. Буга каражат кетет. Бирөө өнөктөш болсо, анда болот. Ошол эле учурда Орусиянын депутаттары буга киришип жатышса, анда алмаштырыш керек. Себеби алар бизге үйрөткөндөй болуп жатат — деди депутат.