Депутат Бекешев: «Бизде керек болсо, Кумтөр маселесинен улам президент президент болуп шайланды»

«Бизде керек болсо, Кумтөр маселесинен улам президент президент болуп шайланды». Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Эл өкүлү Кумтөр тууралуу талкуу кылбоону жана талашпоону сунуштады.

«Кумтөр боюнча! Биз соңку чечимге келгенибиз жакшы. Элдин тилеги аткарылды. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн башатында кенди сатып жиберишери менен бизде көйгөйлөр башталган. Биздин кызыкчылыкты коргоого убакыт, акча жана күчтү көп сарптадык. Кумтөрдүн айынан канча адам жабыр тартканын жана канча адам байыганын эсептөө да оор. Бизде керек болсо, Кумтөр маселесинен улам президент президент болуп шайланды. Садыр Жапаров саясий өмүрүн Кумтөргө арнап, сын, ишенбестик, шектенүү, эл аралык соттор менен коркутууга карабастан, ал өз максатына жетти. Кабыл алынган чечимдин канчалык пайдалуу экендигин талашып-талкуулоого болот. Бирок биз ансыз деле буга көп убакыт короттук. Бул маселеде чечит коюлду деп үмүт кылам. Алдыга жылуу керек. Кумтөр менен өлкө жашап кетпейт», — деп жазылат Бекешевдин билдирүүсүндө.