Депутат Бекешев: «Бүт үй-бүлө 250 сом үчүн чек арадан өтө албай, билети күйүп кеткенине күбө болдум»

«Бүт үй-бүлө 250 сом үчүн чек арадан өтө албай, билети күйүп кеткенине күбө болдум». Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Чек арадан чыкканда бир топ эле тоскоолдуктар болуп калат. 200 сом, 1000 сом үчүн жарандар чыга албай калып жатышат. Айып пулду ошол жерден төлөйүн десе, шарт жок. 2-майда чет өлкөгө чыгып бара жатканымда ошол жерде бүт үй-бүлө 250 сом үчүн калып калышты. 250 сом үчүн билет күйдү», — деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, «Сот аткаруучулар жөнүндө» мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр талкууланып, ал айып пулдун өлчөмүнүн чегин 10 миң сомго дейре жогорулатууну сунуштаган.