Депутат Бекешев Кемпир-Абад маселеси боюнча: «Мен эч качан элге каршы болбойм»

«Мен эч качан элге каршы болбойм». Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Өзгөндө өткөн Кемпир-Абад маселеси боюнча курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

«Бишкекте отуруп алып, позицияны аныктоо оор. Ушул жерди билбей, жөн эле кнопканы басып коюу туура эмес. Ошондуктан, өзүм элди угам деп келдим. Макулдашуу Жогорку Кеңешке келсе, сиздерди угуп, анан чечим чыгарам. Бирок алдын ала айта кетсем, мен эч качан элге каршы болбойм», — деди депутат.