Курсан Асанов качып кетчү адам эмес. Ошондуктан аны үй камагына чыгаруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бир киши бүтүндөй ИИМдин имаратын басып, милиция кызматкерлерин баш ийдирип алышы мүмкүн эмес.
“Курсан Асанов имаратты басып алган деп айыпталып жатат. Кантип бир киши ИИМдин имаратын, андагы милиция кызматкерлерин басып алсын. Анда милиция кызматкерлери кантип бир кишиге баш ийип калышты. 7-октябрда бардыгы саптык кароого чыгышкан. Кантип бир адам ошондо милиция кызматкерин мажбурлап саптык кароого алып чыкты? Бул ишти обьективдүү караш керек деп ойлойм. Албетте, депутаттар бул ишке кийлигише албайбыз. Бирок ушул сыяктуу суроолор жаралып жатпайбы. Ошол учурда көбү имараттарды басып алган. Эмне үчүн алар жоопко тартылбайт? Курсан Асановду үй камагына чыгаруу керек. Ал качып кетчү адам эмес. Ал Жогорку Кеңеш менен 10 жыл иштешкен”,— деди ал.
Асанов 26-январда имаратты басып алууга шектелип кармалган. Ал эми 28-январда Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду СИЗО-1 абагына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган болчу.












