Депутат Бекешев Мадумаров боюнча: «Чечим «ошол жакта» кабыл алынганы кейиштүү»

Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына бүгүн, 22-июнда Адахан Мадумаров кол тийбестик макамынан ажыратыла тургандыгын жазды.

«Мындай чечим «ошол жакта» кабыл алынганы кейиштүү. Президентке же анын айлана-чөйрөсүнө коркунуч келтирген бир дагы депутат жок. Андай коркунучту ашыра мактагандар же тымызын отурган экстремисттер жаратат», — деп жазды депутат.