Депутат Бекешев: «Орусиянын мыйзамын көчүргөндөр адегенде ошол жакта жашап келишсин»

«Орусиянын мыйзамын көчүргөндөр адегенде ошол жакта жашап келишсин». Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Президенттин администрациясы бир демилге көтөрүүдө. Ал бейөкмөттүк уюмдарга тиешелүү чет өлкөлүк агенттер тууралуу. Бул мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүп алынган. Орусиядан мыйзам долбоорлорун көчүргөндөргө айтар элем, алар адегенде Орусияда жашап келишсин. Аларга ошол жактан мыйзамдары жакса, анда Орусияда жашашсын. Бул мыйзам долбоору чоң сокку урат», — деди депутат.