Депутат Бекешев: «Соттук талаш-тартыштар түнү менен уктабай жүргөн жарандардын пайдасына чечилбей келет»

Кечээ, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Тынчтык жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев.

Жыйында баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышат. Мыйзамдарды либералдаштыруу жарандардын укуктарынын акыркы орунда калышына алып келгендиктен, милициянын, санитардык кызматтардын баруусу, ал тургай соттук талаш-тартыштар түнү менен уктабай жүргөн жарандардын пайдасына чечилбей келет.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт, анын ичинде: ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу; тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик; жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.