Депутат: «Бир чиновник ээлеген кызматынан бошотулуп, сурак берип жатканы айтылган. Көрсө, ал үйүндө чай ичип жаткан экен»

«Бир чиновник ээлеген кызматынан бошотулуп, бир сутка сурак берип жатканы айтылды» деп билдирди депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында.

«Анан ал суракта эмес, үйдө чай ичип отурганын сүрөттөрүн киргизди. Кандай чараларды көрөсүз? Буга ким жооп берет?» – деди депутат юстиция министринин орун басары Бактияр Орозовго кайрылып.

Эрбаев Орозовго Конституциянын 57-беренесин эске салды. «Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай шектенүүлөр айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Эч ким өзүнүн кылмышты мойнуна алганынын негизинде эле соттолушу мүмкүн эмес. Күнөөсү далилденмейинче ар бир адам күнөөсүз деп эсептейт. Анан бул жерде тергөө амалдары жүрүп жатат, ал камалды деген маалымат тарап жатат. Күнөөсүздүк презумпциясы кайда? Сотто алардын күнөөсүз экени далилденсечи? Өздөрү чийки мыйзамдын демилгечилери катары алып келишет. Ал эми адам укуктары жөнүндө эмне айтууга болот?» — деди депутат.