Депутат: «Бишкек-Казань поездин ишке киргизишти, эмне үчүн Бишкек-Москва эмес?»

«Жакында Бишкек-Казань темир жол каттамы ачылды. Эмне үчүн Бишкек-Москва поездин дароо жолго салышкан жок?» — деп сурады бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов.

Транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев Москвадагы темир жолдо оңдоо иштери жүрүп жатканын айтты. «Оңдоо иштери бир жылга созулат, Москвада темир жол 1 жылга жабылган. Атүгүл ички темир жол транспорту бүгүнкү күндө токтотулду», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Москвада поездди жаңыртып, рельстер менен шпалдарды толугу менен алмаштырып, оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирген. «Балким, ачууга уруксат 2023-жылга чейин берилбейт. Биринчиден, Самара, Казань жана Новосибирскке каттамдар ачылышы мүмкүн», — деп кошумчалады ал.