Депутат: «Бишкек менен Таластын ортосундагы жолдогу чуңкурлардан буйтаганга «невозможно» болуп калыптыр»

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Русланбек Жакышов Бишкек менен Таластын ортосундагы жолдогу чуңкурлардан буйтаганга мүмкүн болбой калганын айтты.

«Жолдун акыбалы жаман экен. Жолдогу чуңкурлардан буйтаганга, орусча айтканда «невозможно» болуп калыптыр. Жолдун жээгинде унааларын дөңгөлөктөрү жарылып, тетиктери жулунуп жатат. Ушул боюнча майдын аягында дебестен, тез арада асфальт төшөө керек. Тиешелүү мекемелерге тапшырма берсеңиз», — деди депутат парламенттеги президенттин өкүлүнө кайрылып.