Депутат Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүүнү сунуштады

Депутат Айбек Алтынбеков Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Ал өз сунушун Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Бишкек мэриясы алардын аталышына көңүл бурушу керек.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, бир нече сунуштар бар. «Карап чыгуунун тартиби бар, ага ылайык биз карап жатабыз. Сунуштар бар, мыйзам чегинде акыркы чечим кабыл алынат», — деди ал.

Бишкек шаарында 4 район бар: Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов.