Депутат: «Бизди мугалимдер мындан катуу сабачу. Майып болуп калган жокпуз»

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мугалимден токмок жеген окуучунун окуясы боюнча да өз ойлорун айтышты.

Депутат Нурлан Шакиевдин айтымында, окуя эки тараптуу каралышы керек. «Сузак районундагы окуучу кыз менен мугалимдин ортосундагы чыр маселеси терең ойго салып, көпчүлүктү ойлондуруп койду. Мен айтат элем, мугалимдин да аша чапкан жери бар. Ошол эле учурда окуучулардын тартибин караш керек. Бизди мугалимдер мындан да катуу сабачу. Андан бир жерибиз сынып же майып болуп калган жокпуз. Советтик билим алгандар эң алдынкы депутат, министр болуп жүрүшөт. Мен бул жерде маселени эки жактуу караш керек деп жатам», — деди ал.