Депутат бөйрөк алмаштыруу операцияларына узак мөөнөттүү насыя бөлүүнү сунуштоодо

Депутат Дастан Бекешев бөйрөк алмаштыруу операцияларына узак мөөнөттүү насыя бөлүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди. 

Дастан Бекешев бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны көбөйгөнүн белгиледи. «Биз бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга гемодиализ керек, ошол эле учурда бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын санынын өсүү темптерин ачык айтышыбыз керек. Туруктуу өсүүдө. Мындай адамдардын көбөйүшү менен бюджетке оор болот. Ошондуктан чечүү жолдорун издөө керек болчу. Кошумча каражат бөлүү абдан кыйын», — деди ал.

Депутат мындай абалдан чыгуунун бир жолу социалдык жана медициналык насыя деп эсептейт.